Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Аза күтүп, катуу кайгырып турган адамга жакшы тилегин айтып, көңүлүн көтөрүү, жубатуу. Сөөгү сыздай түшкөн Сарала кайрат айтты: - Эстүү элең, Батишжан. Эсиң менен жүр, акылдан шашпа! (Сыдыкбеков). Эми мен Сагындыкка сын тагып, ага кайрат айтып отурам (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аза күтүп, катуу кайгырып турган адамга жакшы тилегин айтып, көңүлүн көтөрүү, жубатуу. Сөөгү сыздай түшкөн Сарала кайрат айтты: – Эстүү элең, Батишжан. Эсиң менен жүр, акылдан шашпа! (Сыдыкбеков). Эми мен Сагындыкка сынтагып, ага кайрат айтып отурам (Абдукаимов). Сөз менен кайрат айтканга да жарабасак, теңтуштугубуз кайсы биздин? (Сыдыкбеков). Келгендердин бардыгы казанчынын жанына барышып, кайрат айтышты (Токомбаев). В.: Көңүл айтуу. Келгендер Алим эжеге, анын балдарына көңүл айтышты (Абдукаримов).